Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры №31-3
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары К.Жапаровдун көзөмөлчүлүк кеңеш түзүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнө караган мектеп, бала бакчаларда көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча сессияга сунушталган материал чала даярдалгандыктан сессиянын күн тартибинен алынып салынсын.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнө караган мектеп, бала бакчаларга көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча сунушталган материал өз деңгээлинде даярдабагандыгы үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тиешелүү кызматтык чара көрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын, көрүлгөн чара тууралуу айылдык кеңештин депутаттарына маалымат берилсин.
3. Айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген маселеге материал даярдоодо так жана өз деңгээлинде даярдоо жагы айыл өкмөттүн кызматкерлерине эскертилсин.
Тѳрага | К. Айдыралиев |
|
|