Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-сентябры №31-5
Айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын Ат-Башы айылындагы «Асылзат-Зирек» бала бакчасына маркум А. Тилегенованын атын берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Асылзат-Зирек» бала бакчасы «Айгүл Тилегенова» атындагы бала бакча болуп которулсун.
2. А. Тилегенова атындагы бала бакча болуп которулгандыгы боюнча Нарын облустук юстиция башкармалыгынан юридикалык жакты кайра каттоодон өткөрүү жана бала бакчасынын Уставын өзгөртүү жагы бала бакчанын жетекчиси А. Үсөновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Тѳрага | К. Айдыралиев |
|
|