Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу №13-4
Айылдын социалдык-маданий иштеринин абалы жөнүндө айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана маданий өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын жана туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Курмангалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагында бир катар социалдык-маданий иштери аткарылгандыгы белгиленсин;
2. Социалдык-маданий иш-чаралардын жүргүзүлүшүн дайыма колго алуу жагы айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана маданий өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси К. Казиева милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Абдылдаев |
|
|