Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу №13-5
Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору И. Бейшеналиевдин жаш дарыгерлердин убактылуу турак-жайынын батир төлөмүнө жардам берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен келген жаш дарыгерлердин турак жайынын батир төлөмүнө жардам көрсөтүү үчүн айыл өкмөттүн резервдик фондусунун эсебинен мүмкүнчүлүккө жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин;
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Абдылдаев |
|
|