Загрузка документа…
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 41/73
1. «Таш-Булак АТМ » ИСКАКБсынын 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ
2. Ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн прейскурантын бекитүү жөнүндө
3. Айылдын тех.сервисинин устакана башчысы Калыков Жолдошбектин Коңорчок айылынын элине жасаган кѳп жылдык эмгегин баалоо жѳнүндѳ
Угулду:Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы Касымбаев билдирүү жасап тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи:
Калыков Жолдошбек жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери айылдын элине ак эмгегин ѳтѳп келе жатат.Адегенде 1990-жылдардагы кыйынчылык мезгилдерде тегирменчи болуп иштеди.Андан кийин устаканада уста болуп кызмат ѳтѳп,техникалардын ремонтунан баштап,элдин майда-барат жумуштарын кынтыксыз аткарып келе жатат.
Колунан баары келген,бир мүнѳз адам,ушу кишинин орунтуктуу иши үчүн коомдук менчиктеги тех.сервистин,кампалардын имараттары бүгүнкү күнгѳ чейин ѳз калыбында сакталып турат.
Калыков Жолдошбектин ак эмгегин баалап,ѳзү жашап турган коомдук менчиктеги эки бѳлмѳлүү үйдү менчиктештирип берүү жагын сунуш кыламын.
Айылдык кенештин депутаттары бул сунушту колдоп,ѳз ойлорун айтып,пикирлерин бѳлүштү
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таш-Булак АТМ » ИСКАКБсынын башчысы Ш.Боталиевдин иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Таш-Булак АТМ » ИСКАКБсынын 2016-жылга карата иш планы жана бюджети бекитилсин.
3. Yйгѳ суу киргизгизиш үчүн уруксат алганга 1 түтүнгѳ 3000 сом,ай сайын сууга болгон тариф 140 сом,Колонкадан суу алгандарга 70 сом,Менчик жана коомдук мончолорго 300 сом, бюджеттик мекемелерге(мектеп,бала бакча,контор)15000 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.Жайлоого кеткен бадачыларга 4 ай ичи сууга болгон тарифтен бошотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ш.Боталиевге тапшырылсын.
5. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча айыл аймагындагы жана менчик ветеринардык сервистерде иштеген ветеринардык адистердин корсоткон кызматынын 2016-жылы толонуучу баалардын прейскуранты бекитилсин
6. Калыков Жолдошбектин элге кылган кѳп жылдык эмгегин баалап,ѳзү жашап турган коомдук менчиктеги үй,менчиктештирилип берилсин.
7. Менчикке берилген үйдүн чек ара тилкелерин тактап,мыйзамдаштырып берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Сатындиевге тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Чыгаша (сом менен).
№ | Аткарылуучу иштер | 1 айга | кварталга | жылга |
1 | Эмгек акы | 10000 | 30000 | 120000 |
2 | Соц фонд 17,25% | 1725 | 5175 | 20700 |
3 | СЭС | 150 | 450 | 1800 |
4 | Гипохлорид (5кг 1 айга) | 750 | 2250 | 9000 |
5 | Почта 5% | 500 | 1500 | 6000 |
6 | Командировкалык чыгым | 700 | 2100 | 8400 |
7 | Негизги каражаттардын ремонтуна (бензин,сварка) | 1000 | 3000 | 12000 |
8 | Ар кандай чыгымдар, канц товар,шаймандар, атайын кийимдер | 1000 | 3000 | 12000 |
9 | Кошумча куруу жана керектүү запастык бѳлүктѳрдү сатып алууга | 1595 | 4785 | 19140 |
| Баары: | 17420 | 52260 | 209040 |
Киреше (сом менен)
№ | Аткарылуучу иштер | 1 айга | кварталга | жылга |
1 | А) Айылдагы түтүндүн саны 163х70 Б) Үйүнѳ суу киргендер 5 х 140 В) Короосуна суу киргендер 42х105 Г) Арпага кеткендер - | 11410 700 4410 -350 | 34230 2100 13230 -1050 | 136920 8400 52920 -4200 |
2 | Бюджеттен: Аппарат-2000 Мектеп-7900 Бала бакча -1500 Клуб- 3600 | 1250 | 3750 | 15000 |
Баары: | 17420 | 52260 | 209040 |
№ | Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Ким тарабынан | Иштин көлөмү |
1. | Ак-Талаа райондук байланыш бөлүмү менен келишим түзүү
| Январь | Боталиев Ш. |
|
2. | Тариф чогултууну жакшыртуу
| Дайыма | Боталиев Ш. Бектенова А. |
|
3. | Суу түтүкчөлөрүн көзөмөлдөп туруу | Дайыма | ИСКАКБ |
|
4. | Кудук жамааттары менен иш алып баруу
| Дайыма | КЖ лидер-и |
|
5. | Райондук мекемелерге (Стат,Налог. Соц фонд) отчетторду өз убагында берип,эсептешип туруу
| Ай сайын | Бухгалтер Бектенова А. |
|
6. | Ак-Талаа рай МСЭКБу менен келишим түзүү
| Апрель | Бооталиев Ш. |
|
7. | Башкы сооружениянын айланасын көрктөндүрүү,жашылдандыруу
| Апрель | ИСКАКБ |
|
8. | Резервуарга кошумча суу киргизүү
| Апрель Май | ИСКАКБ | 20 000 сом |
9. | Үйүнѳ суу кирген абоненттерге суу эсептегичтерин койдуруу
| Апрель Май | ИСКАКБ Үй ээлери | Келишим |
10. | 3-5ке чейин келишим түзгөн үйлөргө суу киргизүү | Август Сентябрь | ИСКАКБ | келишим |
11. | Суу түтүкчөлөрүн кышка даярдоо
| Ноябрь |
|
|
Төрага | С. Касымбаев |