ТоктомКүчүндө

Чек-Абад айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы №2 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кенещтерге) Кайрылуусуна ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция26.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чек-Абад айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2018-жылдын 26-январы №2

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кенещтерге) Кайрылуусуна ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндө

 

Чек-Абад айылдык кенеши «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга,саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына(жергиликтүү кенещтерге) Кайрылуусуна ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин:

2. Чогулуштарда көрсөтүлгөн талапкерлерди Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

Тѳрага

Б.Ж.Нурматов