Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №2
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттерин, жер участкаларын сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын 2018-жылдын 26-мартындагы № 1-протоколунун жана Араван Архитектура жана шаар куруу башкармасынын 23.03.2018-жылдагы № 11/2018 корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4, 12-беренелеринин негизинде Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кочубаев айылынын тургуну Мамажанов Жахонгир Ибрагимовичке Кочубаев көчөсүндөгү бош жаткан жалпы пайдалануудагы 138,0 чарчы метр келген жер аянтына жеңил типтеги кафе жана азык-түлүк дүкөнү курууга уруксат берилсин.
2. Ж.И. Мамажанов айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн токтомду багытында пайдалануу жагы суралсын.
3. Чек-Абад айыл өкмөтүнө 138,0 чарчы метр жер аянтына салык төлөмүн мыйзам чегинде эсептөө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык Кеңешинин «Агрардык, азык-түлүк жана жер реформасы» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Б.Ж.Нурматов |