Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-апрели №1
Чек-Абад айылдык кенеши «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга,саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына(жергиликтүү кенещтерге) Кайрылуусуна ылайык Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин:
2. Чогулуштарда көрсөтүлгөн талапкерлерди Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Тѳрага | Б.Ж.Нурматов |