Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну №4
Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 16.04.2018-жылдагы 07/2018 корутундусунун негизинде айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кочубаев айылындагы Исмонов Бахтиердин өзүнүн жеке менчиги болгон 479,3 чарчы метр тегирмен жер тилкеси турак-жай жер тилкеси багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнө 479,3 чарчы метр жер аянтынын багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу салык төлөмүн мыйзам чегинде кайра эсептөө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык Кеңешинин «Агрардык, азык-түлүк жана жер реформасы» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Б.Ж.Нурматов |