Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры №105
Самаркандек айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо учун акы” беренесине түшкөн кошумча 1367,0 мин сом жана 14152200 “Жайыт ижарасы үчүн акы” беренесине түшкөн 49,0 мин сом IV кварталына кошулсун.
2. Жогорку кошумча кошулган 1367,0 мин сом жана 49,0 мин сом акча каражаты бюджеттин төмөнку чыгаша бөлүгүнүн бөлүмдөрүнө жана беренелерине төмөнкүдөй тартипте жылдырылсын:
1) Аппарат боюнча-
2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине – 1115,0 мин сом;
2) Балдар бакчалары бөлүмү боюнча-
2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине – 92,0 мин сом;
2224-көмүр сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алуу беренесине- 60,0 мин сом;
3) Башталгыч мектеп бөлуму боюнча:
2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине- 130,0 мин сом;
-- 2 --
4) Орто мектептер бөлүмү боюнча:
2215 – дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине- 50,0 мин сом;
5) Жайыт комитет бөлүмүнө:
2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине- 49,0 мин сом .
6) Китепкана бөлүмү боюнча:
2221-мулкту учурдагы ондоого кеткен чыгымдар беренесинен 40,0 мин сом кыскартылсын;
2222-учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды сатып алуу беренесинен 40,0 мин сом кыскартылсын.
2. Бекитилген каражаттын максаттуу пайдалануу жана бөлүштүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Б. Шайдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Пирматов |
|
|