Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры №106
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планга аткарууга койгон “Киреше салыгы” беренесинен 1800,0 мин сом, жана “Сатуудан тушкон салык” беренесинен 700,0 мин сом, жалпы 2500,0 мин сом 14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн акы” беренесине планга аткарууга коюлуу менен жылдырылсын.
2. Бекитилген киреше бөлүгүнө келтирилген жылдыруулар боюнча КР финансы министрлигине билдирүү жазуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Б. Шайдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Пирматов |
|
|