Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы №2
Маймак аймактык Кенешинин 2016 жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту угуп, 2017 жылкы бюджетинин болжолдуу эсептөөлөрүн карап чыгып талкуулагандан кийин, Маймак аймактык Кенеши төмөндөгүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Маймак айылдык Кенешинин 2016 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү тендештирүүчү грант менен бирге 3411,9мин сом, анын ичинде 109.0 мин сом ата- энелерден алынуучу төлөм болгондугу жана 2015-жылдын аягында казына бөлүмүнүн айыл өкмөттүн эсебинде 161,1 мин сом үнөмдөлгөн каражат бар болгонун ал эми чыгаша бөлүгү 3380,1 мин сом, ушул себептүү казына бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн счетунда 2016 жылдын аягында 162,3 мин сом акчалай каражат үнөмдөлгөндүгү жана жогорудагы цифрага отчет толугу менен кабыл алынгандыгы бекитилсин.
2. Маймак аймактык Кенешинин 2017 жылдагы кирешелер бөлүгү Тендештирүүчү грант менен бирге 2997,3мин сом, анын ичинде 109,0 мин сом ата-энелерден алынуучу төлөм экендиги ошондой эле чыгаша бөлүгү дагы 2997,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Салыктык кирешелер баардыгы: 451,6
Анын ичинде:
Киреше салыгы 252,0
Патентик негиздеги салык 27,0
Транспорт ээлеринен алынуучу салык 40,0
Кыймылсыз мүлкка салык 24,7
Жерден түшүүчү салык баардыгы 97,9
-анын ичичнен:
Огороддон түшүүчү салык 30.0
Айыл чарба багытындагы жерлерден түшүүчү салык 47.9
Айыл чарба эмес багытындагы жерден түшүүчү салык 20.0
Сатуудан түшүүчү салык 10,0
Салыктык эмес кирешелер баардыгы: 129,0
Анын ичинде:
ФПСтин жерлери үчүн аренда акы 20.0
Кызмат күрсөтүүдөн түшкөн төлөмдөр-
(за оказание платных услуг) род. плата 109.0
Айыл өкмөтүнүн өздүк кирешелери баардыгы 580,6
Тендештирүүчү грант 2416,7
Жалпы киреше 2997.3 мин сом.
3. Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү төмөндөгүдөй киреше
4. Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкү тармактарды каржылоого жумшалары бекитилсин.
Элге билим берүү тармагына жалпысы 1032.0
Анын ичинде орто мектепке - 717,0 Балдар бакчасына - 315,0
Айыл өкмөтүнүн аппаратына Клубга Жалпысы:
5. Тендештирүүчү грант максатту түрдө биринчи кезекте айлык акы, соц.фонд төлөмдөрү, коммуналдык чыгымдар Электо-энергия, көмүр, интернет байланыштары жана балдар бакчасынын тамак ашына кетүүчү чыгымдар үчүн жумшалары бекитилсин.
Мындан тышкары жаныдан ишке киргизилген клубдун электро-энергия чыгымына 100,0.0мин сом, 1-4 класстардын окуучуларына ысык тамак уюштуруу үчүн 450,0 мин сом , мектептердин ремонтуна 100.0 мин сом, ошол эле клубдун штаттык бирдиктери жетишсиз каралгандыктан жана башка чыгым статьяларына: Атап айтканда эмерек алуу 2222-статьясына айлык акысы жетишсиз болгондуктан кошумча 248,0 мин сом, иш сапар чыгымына 10,0 мин сом, ар кандай чыгымына 5,0 мин сом тегерегин курчоо жана бетондоо үчүн 517,0 мин сом, эмерек алуу 2222- статьясына 150,0 мин сом, баардыгы болуп 1580,0 мин сом Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинен кошумча каражат суралсын.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетинде жыл ичинде өзгөрүүлөр болгон учурда бюджеттин киреше жана чыгаша статьяларына өзгөрүүлөрдү киргизүү маселеси айылдык Кенештин сессиясында каралып,токтомдун негизинде жүргүзүлсүн.
8. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусундагы 28 га сугат жерди арендага берүүдө 4га жакыр үй-бүлөлөргө түз сүйлөшүү аркылуу женилдетилген баада 1 га 500 сомдон, 6.8 га жердин контуруна байланыштуу конкурстук негизде 1000 сомдон, калган 17,2 га конкурстук негизде 750 сомдон берилсин.
9. Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттарды чечимде бекитилген статьялар боюнча чыгымдалышын аткаруу милдети, Маймак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Б.Нусубалиевага жүктөлсүн, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.У.Абдраимовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Дж. Кудайбергенов |
|
|