КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы № 2/2
Коңорчок айыл аймагынын 2016-жылдагы бюджетинин ичинен статьядан кварталга жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ» мыйзамдарына ылайык Коңорчок айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Г.Молдобаеванын сунушун эске алып,Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептин 3-кварталга каралган 2231-статьясынан 62300(алтымыш эки мин үч жүз)сом акча каражатын 2-кварталга,бала-бакчадагы 3-кварталга каралган 2231-статьясынан 20000(жыйырма мин) сом акча каражатын 2-кварталга жана ЖКХдагы 2-кварталга каралган 2222-статьясынан 82300(сексен эки мин үч жүз)сом акча каражатын 3-кварталга жылдырып берилсин.
Төрага | Байыш у У. |