Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты №3
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ниязалиева Н жана Мониторинг тобунун төрагасы К.Имеровго жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Кудайбергенов |
|
|