Редакцияот 21.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Маймак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 21-майы №1

Мамлекеттик тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жөнүндө

 

КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык райондук мамлекеттик салык башкармалыгынын жана айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде айыл кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салык тармагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу Кара-Буура салык башкармалыгы жана Маймак айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын

Тѳрага

Д. Кудайбергенов