Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №26/7
Жаны-Жол айылындагы «М-Сакин апа» бала бакчасынын ашканасын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү үчүн бала бакчанын жетекчиси М.Сагалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «М-Сакин апа» бала бакчасынын ашканасын ремонттоо үчүн айыл өкмөттүн бюджетинин бош калган каражатынан 138000 (жүз отуз сегиз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын которуп,максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Т.Турдубековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комитетке тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|