Редакцияот 22.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергетал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2018-жылдын 22-январы №3

Жергетал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

 

Жергетал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын 2018-жылдын 4-январынан 31-декабрга чейин бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап жана талкуулап Депутаттардын Жергетал айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү» токтомун негизинде Жергетал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке милдеттендирилсин.

Тѳрага

Ж. Молдояров