Редакцияот 22.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергетал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2018-жылдын 22-январы №5

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 27-статьясынын 2 пунктун жетекчиликке алып, депутаттардын Жергетал айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айыл аймагынын “Манас Ордо” комплексине кайрылган бурулуштун оң жагындагы 7-кварталдын 52 болүмүндөгү Талас токой чарбасына караштуу жерден 0,2 га жер аянты Ооган согушунан курман болгондордун эстелигин тургузууга уруксат берилсин.

2. “Манас Ордо” комплексине кайрылган бурулуштун оң жагындагы 7-кварталдын 52 бөлүмүндөгү Талас токой чарбасына караштуу 0,2 га жер аянты Ооган согушунан курман болгондордун эстелигин куруу үчүн Талас токой чарба башкармалыгы менен макулдашылсын.

3. Талас райондук жер, кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыганан керектүү юридикалык иш кагздарын берүү жагы суралсын.

4. Кабыл алынган токтомду көзөмолгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Молдояров