Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №14
Жергетал айыл аймагына караштуу Кызылтуу жана Көк Кашат айылдарына 2018-жылдын жай айларында ички көчолөргө асфальт төшөө иштери каралып жаткандыктан, көчолөргө кум,шагыл таш төшөө үчүн убактылуу карьер ачып берүү боюнча Жергетал айыл өкмөтүнүн сунушун карап депутатардын Жергетал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызылтуу айлынын күн чыгыш тарабынан “Ача -Коо” участогунун жанынан “Жан” каналынын астынын №1928 чөйрө сызыгында жайгашкан жер участогунан убактылуу асфальт төшөөгө шагыл таш, кум (грунт) алууга уруксат берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмолгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Молдояров |
|
|