Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу №21
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-февралындагы №70 “Айыл чарба тармагында фермердик-дыйкандардын төрт түлүк малдарын асылдандыруу жана ветеринардык-санитардык жактан тейлөөнү жакшыртуу” жөнүндөгү токтомун негиз кылып, Депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергетал айыл аймагынын Кызылтуу айылына жеке менчик фермер-дыйкандардын төрт-түлүк малдарын асылдандыруу жана ветеринардык жактан тейлөө үчүн өзүнчө ветсервис уюштурулсун.
2. Кызылтуу айылындагы жаңы уюшулган ветеринардык тейлөө кызматы “Кырк-Казык” ветсервиси деп аталсын жана Кызылтуу айылынын чеги бекитилип берилсин.
3. “Кырк-Казык” ветсервисинин жетекчисине Жоорутбек уулу Азамат бекитилсин.
4. Кырк-Казык” ветсервисинин уставы жактырылсын жана бекитилсин.
5. Кырк-Казык” ветсервисине өзүнчө печат алууга уруксат берилсин.
Тѳрага | Ж. Молдояров |
|
|