Редакцияот 03.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергетал айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 03-августу №23

Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Жергетал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (1-тиркеме).

2. Жергетал айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (2-тиркеме)

3. Кабыл алынган токтомду көзөмолгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Молдояров