Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу №26
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Жергетал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергетал айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Молдояров |
|
|