Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры №29
Жергетал айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларын кыргыз тилинде кабыл алуу маселесин карап жана талкуулап Жергетал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Укуктук ченемдик актылары” жөнүндө Мыйзамынын 26-беренеси жетекчиликке алынсын.
2. Жергиликтүү калк мамлекеттик тилде гана сүйлөгөндүктөн, айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Молдояров |
|
|