ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергетал айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 25-октябры №30
Жергетал айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313 беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдын а башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жоб 6-пунктунун “б” пунктчасынын экинчи абзацына ылайык,Жергетал айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергетал айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу иштелип чыккан ЖОБО бекитилсин.
2. Жергетал айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (курамы тиркелет).
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Молдояров |
|
|