Редакцияот 22.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2018-жылдын 22-августу №2

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы XIV кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Эмгек-Талаа айылдык кенешинин төрагасы Абдырасулов Нурбек Аскарбекович өзүнүн берген арызына ылайык айылдык кенешинин төрагалык кызматынан бошотулсун.

2.         Эмгек-Талаа айылы аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын көпчүлүк добушун алган Кожогелдиев Толкунбек Эсекеевич Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы болуп дайындалсын.

 

Тѳрага

Н. Абдырасулов