Редакцияот 07.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2018-жылдын 07-декабры №4

Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына ысым берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айылынын айылдык паркына Социалдык Эмгектин Баатыры маркум Исаев Шаршенин ысмы ыйгарылсын жана “Исаев Шарше” атындагы парк деп аталсын.

2. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.

 

Тѳрага

Т. Кожогелдиев