Редакцияот 07.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2018-жылдын 07-декабры №5

Эмгек-Талаа айылына коомдук кичине эс алуу сейил бакча уюштуруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жанынан муниципалдык менчикте бош турган 0,07 га жер аянтына коомдук эс алуу сейил бакчасы уюштурулсун.

2. Эмгек-Талаа айылынын айылдык коомдук эс алуу сейил бакчасына маркум Абдыкадыров Алымбайдын ысмы ыйгарылсын жана “Алымбай- ата” коомдук эс алуу бакчасы деп аталсын.

3. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А. Осмоновага тапшырылсын.

 

Тѳрага

Т. Кожогелдиев