Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №31
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IX кезектүү сессиясында 1-январь 2018-жылга калган 2027851 сом 24 тыйын акча акча каражатына жана атайын счетто калдык болуп калган 32319,75 сом акча каражатын чыгымдоо боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IX кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
2018-жылдын 1-январына карата калдык болуп калган акча каражаттары төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
1. Ак-Жар айылына АРИС аркылуу келүүчү акча каражатка жасалуучу ветеринардык клиниканын өздүк салымы үчүн98800 сом которулуп берилсин. (жайыт комитетинин 2017-жылдын бюджетин аткарууда калдык болуп калган акча каражат).
2. Айылдык кеңештин төрайымынын эмгек акысына 13609 сом анын ичинен эмгек акысына 11607 сом, социалдык фонд үчүн төлөмүнө 2002 сом.
3. Ак-Жар айылындагы 4 квартал башчыларынын эмгек акысына 60000 сом анын эмгек акысы 51200 сом, социалдык фонд үчүн төлөмү 8800 сом.
4. Айыл ичиндеги түнкү чырактарды алмаштырууга387000 сом.
5. Эски мектептин ордуна курулуп жаткан кичи футболдук аянтчанын килемин алуу (газон) үчүн 700000 сом.
6. Ак-Жар айылындагы 146 участкасына суу келүүчү лотоктор эскилиги жетип жарабай калгандыктан лотокторду алмаштыруу үчүн 131800 сом.
7. Соттун чечимине ылайык доогерге (ГФРЭ) которуп берүү үчүн 134010 сом.
8. Ынтымак жаны конушундагы сазда жер астындагы суунун деңгээли көтөрүлүп тургундар үчүн коркунуч жараткандыктан май куюп дренаж каздыртуу үчүн 10000 сом.
9. Айыл ичине ийне жалбырактуу жана ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрүн сатып алуу үчүн 50000 сом.
10. Айыл өкмөтүнүн печатын жаңыртуу жана башка печаттарды жасатуу үчүн 10000 сом.
11. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине 12000 сом.
12. Айыл өкмөтүнүн Маз автоунаасына запастык бөлүктөрдү алуу үчүн 63000 сом.
13. Салык адистерине кассалык аппарат алуу үчүн 15000 сом.
14. Жер казуучу аппарат алуу үчүн10000 сом.
15. Контордун тазалыгын сактоо, жыл ичинде керек болгон муктаждыктарды алуу үчүн 15000 сом.
16. Райондук архивге10000 сом.
17. Айыл ичиндеги огороддорго суу алып келүү үчүн 150000 сом.
18. Маданият үйүнүн бир бөлмөсүн капиталдык ремонттон өткөзүп айылдык кеңештин депутаттарына берүү үчүн 97630 сом.
19. Айылдык кеңешке эмерек алуу үчүн 45000 сом.
20. Аялдар кеңешине эмерек алуу үчүн 15000 сом
21. Балдардын тамак-ашына 32319 сом.
Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын..
Токтомдо көрсөтүлгөн сметаны бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
Тѳрага | С. Аттокурова |
|
|