Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №32
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IХ кезектүү сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетин бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IХ кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 10-январындагы элдик жыйындын токтомунун негизинде сунушталган жайыт комитетинин башчысы Мокелен уулу Солтонбек жана орун басары Нурбек уулу Чынгыздын талапкерлери Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитети болуп бекитилсин.
2. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар КРнын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
3. Ак-Жар айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин кириш бөлүгү 560800 сом, чыгаша бөлүгү 560800сом акча каражатына түзүлгөн сметага ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Аттокурова |
|
|