Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №33
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IХ кезектүү сессиясында каралган айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин көтөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын 2018-жылдын 9-январындагы №08-23 каты жана Салык кодексинин 337-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Ак-Жар айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлердин базалык ченемдерин 50% көтөрүлсүн.
2. Ак-Жар айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы үлүш жер аянттарынан алынуучу жер салыгынын өлчөмү 1га жер үчүн 96 сом 2018-жылдын 1-январынан тартып 145 сом болуп көтөрүлсүн жана инфиляциялык коэфицент Кн1,034 кошулуп эсептелсин, жалпы сумма 150 сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловгожана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу Т.Аттокуровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоосунан өткөрүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы А милдеттендирилсин.
Тѳрага | С. Аттокурова |
|
|