Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №35
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IХ кезектүү сессиясында каралган айыл аймагынын тургун Бейшеналиев Жолдошбектин Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү «Кырман» чөлкөмүндөгү там короосуна өз убагында укук күбөлөндүрүүчү документтерин албагандыгына байланыштуу токтом чыгарып берүүнү сурап жазаган арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Ж.Бейшеналиевке Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү «Кырман» чөлкөмүндөгү там короо жайы өз менчиги экендиги таанылсын, укук күбөлөндүрүүчү документтерин алууга уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап бөлүп берүү жана тиешелүү документер менен камсыз кылуу райондук архитектура жана жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Тѳрага | С. Аттокурова |
|
|