Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу №38
2018-2019-окуу жылына айыл аймагындагы «Ак-Жар Сезими» бала бакчасы жана Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин окуу жылына даярдыгы жана кышка даярдыгы боюнча маселени карап угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагында «Ак-Жар Сезими» бала бакчасы жана Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин окуу жылына даярдыгы толук бүткөндүгү белгиленсин.
2. 2018-2019-жылдагы кышкы жылытуу убагында керектүү денгээлде көмүр менен камсыз болуусу жана жылытуу убагында коромжусуз керектөө жүргүзүү жагын колго алуу айыл өкмөт башчысына жана мектеп директоруна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кенешини социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын
Тѳрага | С. Аттокурова |
|
|