Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №41
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекиген бюджетинен пайдаланылбай калган650000 акча каражаты, жарыяланган тендерлерден үнөм болгон 264140 сом акча каражаттарын жетишсиз болгон башка максаттарга жумшоо жана 2018-жылга каралган бюджеттен тышкары жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан ашыкча түшкөн 401509акча каражатына кошумча план бекитүү боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
2018-жылдын 18-сентябрына карата жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттар төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
1. 146-участкасына лотокторду алып орнотуп берүү кызматы үчүн 131800 сом.
2. Ветеринардык клиниканын ремонт иштерине 60000 сом.
3. Ветеринардык клиника менен тех. сервистин документтерин жасатуу кызматы үчүн 35000 сом.
4. Бала-бакчанын учурдагы сырткы ремонт иштерине 30000 сом.
5. Көчөлөргө шагыл төгүү үчүн ГСМге 20000 сом.
6. Айыл өкмөтүнүн командировкалык чыгымдарына 30000 сом.
7. Ардактуу атуул медалдарын жасатуу үчүн 15000 сом.
8. Кызматтык автоунаа алуу үчүн 750000 сом.
9. ҮБДТга көмүркана салуу үчүн 50000
10. Мектептин интернет байланышына 8000 сом.
11. Автоклав алуу үчүн 15000
12. Марафон өткөрүү үчүн 150000 сом.
13. Башка кызматтар үчүн 20849.
Тѳрага | С. Аттокурова |
|
|