Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-октябры №2
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 25-октябрындагы кезектеги 8-сессиясы, протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Көк-Таш айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылсын.
2. Балдар бакчасынын чарбалык чыгымдары,тамак-аш чыгымдары жана электр энергиясы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Штаттык бирдиктин негизинде иштөөчүлөрдун эмгек акысын төлөп берүү жагы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Дооронбековдон суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
5.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | Б. Субанов |
|
|