Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-ноябры №22
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Депутаттардын Кара-Суу айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | Эсенкул уулу Памир |
|
|