Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-октябры №1
Кара Суу райондук шаар куруу Кеңешинин 2018-жылдын 24-майындагы № 3 протоколунун, Кара Суу мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын, Кара Суу базарынын башкы планына мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан мурдагы өрт өчүрүүчү депонун жер аянтына контейнерлерди орнотууга киргизилген өзгөртүүнү белгиленген тартипте бекитип берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара Суу базарынын жанындагы мурдагы өрт өчүрүүчү депонун жер аянтын Айдарова Калыс сатып алгандыгына байланыштуу, Кара Суу базарынын башкы планына мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан контейнерлерди орнотууга киргизген өзгөртүүсү жактырылсын.
2. Кара Суу базарынын башкы планына мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан киргизилген өзгөртүүсү бекитилсин.
Тѳрага | Э.М. Арзиев |
|
|