Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-октябры №3
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана 77-беренесине ылайык, Сарай айыл аймагына караштуу Миялы участкасындагы мектеп, кооптуу участкага туура келип бузулуп кеткендигине байланыштуу, Миялы участкасынын тургундарынын 2018-жылдын 19-июнундагы арызын угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миялы участкасынан 40 (кырк) орундуу мектеп салуу үчүн 0,20 га жер участкасы бөлүнүп берилсин.
2. Мектеп салуу үчүн жер участкасын ажыратып берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистерине жүктөлсүн.
3. Мектеп салуу үчүн керектүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Кара Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
Тѳрага | Э. Арзиев |
|
|