САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры №1
Сарай айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 109-беренесине жана 115- беренесине ылайык, Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин 2018-жылдын планынан кыскартып, бюджетке өзгөртүү киргизип берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл аймагынын 2018-жылдын жайыт планынан 90 (токсон) миң сом азайтып бюджетке өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Б.Бекмуратовага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Э. Арзиев |
|
|