Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-ноябры №3
Сарай айыл аймагына караштуу Ак Өргө айылында жаңыдан курулган мектепке ысым ыйгаруу максатында талапкерлердин ысымын коюу үчүн кайрылган 2018-жылдын 5-сентябрындагы Сырбек Мамашевдин, 2018-жылдын 3-сентябрындагы Короз Эрматовдун жана 2018-жылдын 4-сентябрындагы Умар Абдырахмановдун уул-кыздарынын жана жамааттын атынан жазылган өмүр баяндары, протоколдору менен арыздарын карап, угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жабык добуш берүүнүн негизинде жеңүүчү болуп табылган Короз Эрматовдун ысымы Сарай айыл аймагына караштуу Ак Өргө айылындагы жаңыдан курулган 720 орундуу мектепке ыйгарылып, Ак Өргө айылындагы мектеп, Короз Эрматов атындагы орто мектеби деп аталсын. Эсептөө комиссиясынын актысы тиркелет.
2. Короз Эрматовдун уул кыздарына мектепти ачуу аземинде жана мындан ары окуу жылдарында, акыркы коңгуроо салтанаттарында, ошондой эле мектептин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүүлөрү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл аймагына жүктөлсүн.
Тѳрага | Э. Арзиев |
|
|