САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2018-жылдын 05-ноябры №5
Сарай айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамына мүчөлөрдү сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Сарай айылдык аймагындагы коомчулуктан келип түшкөн протоколдордун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине коомчулуктан көрсөтүлгөн мүчөлөрдү бекитип берүү жагы Кара Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун бир нускасы Кара Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Э. Арзиев |
|
|