Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-ноябры №6
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 109-беренесине жана 115-беренесине ылайык, Сарай айыл аймагына караштуу Ак Өргө айылындагы жаңы мектепти көмүр менен камсыз кылуу жөнүндөгү кайрылууну угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнө жаңы курулган мектепти кышка даярдоодо көмүр сатып алуу максатында 70921 бөлүмүнүн 2215-статьясынан 430.0 миң сом акча каражаты азайтылып, 2224-статьясы 430.0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизилсин. Туруктуу бюджет комиссиясынын корутундусу тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Б.Бекмуратовага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Э. Арзиев |
|
|
Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) депутаттарынын бюджет
комиссиясынын корутундусу
Киров айылы. | 28.11.2018-жыл. |
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Ак Өргө айылында жаңыдан курулган мектепти көмүр менен камсыздоо максатында 70921 бөлүмүнүн 2215-статьясынан 430,0 миң сом акча каражаты азайтылып, 2224- статьясы 430,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизүүгө бюджет комиссиясы маакулдугун берип, кеңештин төрагасына токтом чыгарып берүүнү сунуштайт.
1. Туруктуу бюджет комиссиясынын төрагасы:- У.Сайдалиев.
АКТ
Киров айылы. | 05.11.2018-жыл. |
Биз эсептөө комиссиясы, төмөндө акт түзүп кол коюучулар; Эсептөө комиссиясынын төрагасы Салимов А.Н., катчысы Арзиев Э.М. жана мүчөсү Тагаев С.С. болуп төмөндөгүдөй мазмуунда акт түзөбүз, себеби Сарай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XIV сессиясында, Сарай айыл аймагына караштуу Ак Өргө айылындагы жаңыдан курулган 720 (жети жүз жыйырма) орундуу мектептин атын коюуда 3 (үч) талапкердин К.Эрматов, С.Мамашев жана У.Абдырахмановдордун аттары сунушталып, 21 (жыйырма бир) депутаттын катышуусу менен жабык добуш берилип, Сырбек Мамашев – 2 (эки) добушка,
Умар Абдырахманов- 3 (үч) добушка,
Короз Эрматов – 16 (он алты) добушка ээ болуп, эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен Короз Эрматовдун аты жеңүүчү болуп табылды деп кол коюучулар
Комиссия мүчөлөрү:
1. Комиссиянын төрагасы:- А.Салимов.
2. Катчысы:- Э.Арзиев.
3. Мүчөсү:- С.Тагаев.