Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели №5/2
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү 26.01.2009-жыл №30 мыйзамынын 7, 8, 9, 11 беренелерине ылайык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Жолдошовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Катта-Талдык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык жайыт комитетинин бюджети жер салыгынан сырткары 398218 (үч жүз токсон сегиз миң жүз он сегиз) сом болуп өзгөртүлсүн.
2. Жер салыгы жайыт комитетинин ичинде бекитилсин.
3. Катта-Талдык жайыт комитетинин 2018-2022 – жылдарга келечектүү планы бекитилсин.
4. Катта-Талдык айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу өткөрүп берүү келишими бекитилсин.
Тѳрага | Э. Ураимов |
|
|