Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели №5/4
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын « 13 » апрелиндеги № 90 токтомундагы Жаны-Турмуш айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын чечүү максатында, айыл тургундарынын арыздарын канааттандыруу максатында башкы планды иштеп чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаны-Турмуш айылындагы № 27 контурундагы 0,08 га «Курулуштар графасындагы» жер тилкеси калктуу конушта жайгашкан. Жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн ажыратылып берүү жагын сунуштайт.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Э. Ураимов |
|
|