Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели №5/5
Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2017-жылдын 19-майдагы №541 чыгыш саны менен берилген корутундусунун негизинде. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын «Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү» боюнча жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясыныын «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которуу боюнча корутундусунун негизинде. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-бөлүкчөсүнүн. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык айылдык кеңештин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагынын Кара-Сөгөт айылындагы №751 контурундагы 7,0 га таштуу жайыт болуп белгиленген жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которууга сунуштайт.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Э. Ураимов |
|
|