Загрузка документа…
ЫЛАЙ ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №10/2
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактарды өнүктүрүү жылында айыл аймагына сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагына инвестиция алып келүүдө жыл башында кабыл алынган иш-чарада камтылгандарды аткаруу үчүн донордук уюмдар жана жеке демөөрчүлөр менен тыгыз иштерди алып баруужагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов ) тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |