Загрузка документа…
ЫЛАЙ ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №10/3
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине , Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ылай-Талаа айыл аөкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Ибраимовдун 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери боюнчамаалыматын жана айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүнжайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөништериайрымкемчилдиктеринэскеалуумененканааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына алдын алуу боюнча кескин чараларды көрүү жана долбоор аркылуу келген жол оңдоочу техниканы сарамжалдуу пайдалануу,берилген жылдык план-тапшырмаларды аткаруу, жайыт акыларынан чогулган жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүүмененмаксаттуучыгымдарга жумшоо жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардан жайыт төлөмдөрүнчогултуу иштерине айыл башчылары жардам берүүжагытапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айылжанасуучарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |