Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-декабры №1
Жалал-Абад областынын Аксы районунун прокуратурасынын 26.11.2018-жылдагы № 11/1-1537-18 сандуу каршылык билдирүүсүн карап чыгып, угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын 2018-жылдын 17-апрелиндеги кезектеги Х сессиясынын 8 сандуу токтомунун 1-пункту А.Ташкуловго машина оңдоочу жай берүү үчүн 200 м.кв.жер аянты, 2-п.менен шалы аңыздан жергиликтүү атуулдарга СТО,күркө салууга жер берүү жагы жана шалы аңызды бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча, 3-п. Менен сел алып кеткен жана шалы аңыздан үлүшкө жер алган атуулдарга Кабак-Дөң участогунан үлүш жер бөлүнүп берилсин деген токтомдор мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгарылсын.
2. Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын 2018-жылдын 6-июлундагы кезектеги ХII сессиясынын 4 сандуу токтомунун 1-пункту Кара-Жыгач жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы боз үйдүн жанынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн 0,72 га жер аянты Малабеков Тажибайга берилсин, жерди көрктөндүрүү үчүн берилгендиктен, өздөштүрүп алуу үчүн 3 жылга чейин ижара акысы алынбасын, тиешелүү документтерин тактап, 3 жылдан кийин ижара акысын төлөп туруу жагы Малабеков Тажибайга жүктөлсүн деген токтомдор мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгарылсын.
Тѳрага | Т. Малабеков |
|
|