Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №112/22-7
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Муратовдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-ж. №51/9-7 сандуу токтомунун 1-пунктундагы III зонадан кийин IV, V зоналар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
IV зона: Жазы-Кечүү аймагынын цемент заводуна караштуу жерлер (49,24га)
V зона: Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү аймагындагы жерлер (III- IV зоналарында көрсөтүлгөн аймактардан сырткары)
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2018-ж.№51/9-7 сандуу токтомунун 2-пунктундагы жер салыгынын төмөндөгүдөй коэффициенттери бекитилсин дегенден кийинки сөздөр төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
I зона-0,6; II зона-1,2; III зона-1,2; IV зона-1,2; V зона-0,4
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Т.Т.Муратов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|