Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №113/22-7
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №249 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №100 токтомун турмушка ашыруу, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2018/2019-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана аталган мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында шаардык мэриянын 2018-жылдын 18-июнунда №217 буйругу чыгарылып, шаардык штабдын курамы түзүлүп, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2018/2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун иш-чарасы бекитилген жана тиешелүү мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн жеткирилген.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу үчүн төрт (“ЦТК”, А.К.Тавашаров, 7-аянтчадагы “ДСР”, “Бекташ”) электр откана иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу Р-42мВт жана жылуулук берүүчү түтүкчөсүнүн узундугу 46,2 чакырымды түзөт жана жылдык пландын негизинде график боюнча баардык электр отказандарга капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
“ЦТС” электр отказандары -100%, “Бекташ” электр отказандары-100%, “ДСР”электр отказандар-100%, “Тавашаров” электр отказандары-100% га даяр, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн, ал эми эскилиги жеткен 1Д630/90м3/саат насостук агрегатты жаңы 1Д630/125м3/саат насостук агрегатка алмаштырылган.
Ошондой эле жылуулук түтүкчөлөрү алдын ала түзүлгөн бизнес-пландын негизинде алмаштырылган. Жалпы: 4030м/п ар кандай диаметрдеги түтүкчөлөр подряттык ыкма менен алмаштырылган.
Жылуулук энергиясына болгон дебитордук карыздар жалпы 4 087 896,0 сом, анын ичинен мекеме-ишканалардын карызы- 32 399,0 сом, калктын карызы-4 055 497,0 сом.
“Келечек” бала бакчасынын, К.Б. Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатырын жабуу боюнча тендерге чыгарылып, келишим түзүү иштери жүргүзүлүүдө. “Баластан” бала бакчасынын чатыры боюнча деффектик ведомосттору түзүлгөн, бирок 2019-жылдын долбооруна сунушталат, ал эми “Баластан” бала бакчасынын жылуулук системасы жакшы иштеп, бардык тайпалардын ичи жылытылган.
Шаардык Социалдык өнүгүү, Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө айылдык башкармалыктары тарабынан көмүргө муктаж аз камсыз болгон майыптардын, пенсионерлердин, жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн, баатыр энелердин, ардагерлердин тизмеси такталып, саны 200 жаран болгон жана алардын ар бирине 1000 сомдон 200,0 миң сом банк аркылуу которуп берүү иштери шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 1-октябрына чейин жүргүзүлүү керек эле, бирок Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жоопкерчиликсиз иш-аракеттеринен бүгүнкү күнгө чейин которулуп берилген эмес.
ШММБгы тарабынан 2тн туз, 25тн кум, инерттик материалдар даярдалып, шаардын ички жолдордун кооптуу жерлерине төгүлгөн.
№30 Жол тейлөө мекемеси тарабынан күз-кышка даярдык көрүү, кыш мезгилинде жол кырсыгын алдын алуу, Бишкек-Ош автожолундагы таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, ашууларды тейлөө иштерин аткаруу үчүн техникаларды толугу менен даярдоо иштери план боюнча жүргүзүлүп, 200тн туз аралашмасы (СПС), Көк-Белдеги ачык карьерден ташылып келген 2200тн кум (ГПС), инерттик материалдар №30-Жол тейлөө мекемесинин кампасында даярдалып турат.
Мамлекеттик ишканалардын электр энергияга болгон карыздары 2018-жылдын 1-январына карата 4190,4 миң сомду түзсө, 2018-жылдын 1-ноябрына карата 939,5 миң сомду түзгөн.
Калктын электр энергиясына болгон карыздары 2018-жылдын 1-январына карата 39,8 миң сомду түзсө, 2018-жылдын 1-ноябрына карата 69,1 миң сомду түзгөн.
Жазы-Кечүү айылына караштуу Оот айылчасында электр өткөргүч мамычалар жана чубалгылар эскилиги жетип, адам өмүрүнө коркунуч алып келүүчү абалда тургандыгына байланыштуу жаңыдан ондоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн, бирок ШММБгы тарабынан Жазы-Кечүү айылындагы “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемесинен алынып келинген трансформатор 3 жылдан бери РЛНД алынып берилгенине карабастан бүгүнкү күнгө чейин орнотулбай, тиешелүү иштер аткарылбай келүүдө.
Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатырчасына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, Т.Темиров атындагы №6 орто мектебинин ички электр чубалгыларын, автоматтарын алмаштыруу, монтаждоо, “Мамытов” атындагы №7 башталгыч мектептин электр зымдарын талапка ылайык монтаждоо, “Бабакан” атындагы №8 башталгыч мектептин трансформаторун королоо, “Келечек”, “Баластан” бала бакчаларынын чатырынан суу өткөндүгүнө байланыштуу чатырын алмаштыруу жана ички, сырткы суу түтүкчөлөрүн, канализацияларын капиталдык ремонттоо жана электр чубалгылары эскиргендигине байланыштуу жаңылоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Завод “Достук” ААКнун башкармалыгы тарабынан Кулданбаев көчөсүнүн №4-үйүнө электр энергия берүүнү токтотуу боюнча бир нече жолу кайрылган. Эгерде кыш мезгилинде алар электр энергия берүүнү токтотсо, 24 батир же ар бир үйдө 3 адамдан жашаса да 72 адам электр энергиясыз калуусу күтүлүүдө. Кулданбаев көчөсүнүн №4үйүнө электр энергиясын жасоо иштерин тез аранын ичинде жүргүзүү зарыл.
ММБ тарабынан инерттик материалдар жетишерлик көлөмдө даярдалуусу зарыл.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын 2017-2018-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара- Көл шаардык мэрияга:
- Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатыры;
- “Келечек” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл электр тармактар ишканасына:
- Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо;
- Кулданбаев көчөсүнүн №4 үйүн электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), №30 Жол тейлөө мекемесине (Э.Б.Сейталиев):
- 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын аймагындагы автожолундагы карларды, жолдун четиндеги муздарды таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткаруу максатында жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо үчүн атайын техникалардын даярдыгын камсыз кылууну,тийиштүү инерттик материалдарды даярдоо иштерин жүргүзүүнүкүчөтүү милдеттендирилсин.
5. Токтогул ГЭСтери Каскадыжана №30 Жол тейлөө мекемеси 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын ички автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткарууда муниципалдык менчик башкармалыгына транспорт жагынан көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|