Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №114/22-7
Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2017-жылдын 2-жарым жылдыгында жана 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Башкармалыкта эки бөлүм: жерге жайгаштыруу жана каттоо бөлүмдөрү шаар жарандары менен иш алып барышып, 2017-жылдын 2-жарым жылдыгында башкармалык жалпы 1457,0 миң сом план алынган жана анын ичинен каттоо бөлүмү 715,0 миң сом, ал эми жерге жайгаштыруу бөлүмү 742,0 миң сом план алышкан.
2017-жылдын 2-жарым жыл үчүн бекитилген 715,0 сом план 894,2 сомго башкача айтканда план 125%-га аткарылган.
Каттоо бөлүмү боюнча 2018-жылдын 9 ай ичинде 1170,0 сом план 1299,7 сомго башкача айтканда 111,1 % га аткарылган. 9 ай ичинде 535 кыймылсыз мүлк бирдигинин укугу каттоодон өтүп, анын ичинен 269кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 26 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүү сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 36 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишиминин негизинде, 54 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз белекке берүү келишиминин негизинде, 2 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишими, 73 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз белекке берүү келишиминин негизинде мамлекеттик каттоодон өткөн.
Жерге жайгаштыруу бөлүмү боюнча 2018-жылдын 9 ай ичинде бекитилген 1260,0 миң сом пландан 1071,9 миң сомго 85,1% га аткарылган.
Шаардагы муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү мүрзөлөр, жаңы курулган балдар аянтчалары, 7-аянтта курулган аллея жана жалпы колдонуудагы жерлер, шаардагы РЭТи ишканасына тиешелүү трансформаторлор, шаардык №30 Жол тейлөө мекемесине тиешелүү Ош-Бишкек трассасынын жээгиндеги аялдамалар жана курулмалар,бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоодон өтпөй турат. Бул кыймылсыз мүлктөрдү катоодон өткөрүү зарыл.
Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы шаардагы өздөрүнө таандык жер тилкелерине укук тастыктоочу документ албаган, ошентсе да шаар ичиндеги жерлер ижарага берилип же сатыкка коюлуп жатат.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2017-жылдын 2-жарым жылдыгында жана 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык менчик башкармалыгы (Э.Э.Бабаканов), шаардагы жаңы курулган курулмаларды жана Кара-Көл шаарындагы Серый жана Бекташ көчөлөрүндөгү курулган жана курулуп жаткан мечиттердин документтерин толуктап2019-жыл ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
3. РЭТ ишканасына каттоодон өткөрүлбөгөн өзүлөрүнө тиешелүү трансформаторлорду 2019-жыл ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. №30 Жол тейлөө мекемесине Ош-Бишкек трассасынын жээгиндеги аялдамаларды жана курулмаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууКара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), №30 Жол тейлөө мекемесине (Э.Б.Сейталиев), райондук электр тармактар ишканасына (Т.Т.Муратов), Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына ( Г.Р.Сооронбаева ), ал эми контролдоо жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш,архитектура, турак жай, коммуналдык чарба,муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|